Отправляет email-рассылки с помощью сервиса Sendsay
  Все выпуски  

ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана от 26 июля 2021 года N 30 (664)



ЖУМАНЫН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2021-жылдын 13-июлундагы N 74 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы N 519 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелеринин 36-пунктунун экинчи абзацынын колдонулушун убактылуу токтото туруу жөнүндө" ТОКТОМУ

Пандемия (COVID-19) мезгилинде автоташуучуларды жана станциялык курулмаларды колдоо максатында бараткан жерин аныктоо үчүн орнотулган спутниктик прибору, ошондой эле жүрүү процессин жазуучу прибору (видеокаттагыч) жок автобустарды шаар ичиндеги, шаар четиндеги, шаар аралык жана эл аралык маршруттарга чыгарууга жол берилбейт деген ченемдин колдонулушу 2022-жылдын 1-январына чейин токтотулуп турат.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 16-июлундагы N 80 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2021-жылдын 13-июлундагы N 75 "Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021–2026" турак жай программасын бекитүү жөнүндө" ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын жарандарын арзан турак жай менен камсыз кылуу, турак жайга төлөөгө жөндөмдүү суроо-талапты жогорулатуу максатында КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-июлундагы 75 токтому менен Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021–2026" турак жай программасы, Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021–2026" турак жай программасынын катышуучуларын тандоо тартиби жана Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021–2026" турак жай программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы бекитилди.

Токтом менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015–2020" программасынын катышуучуларынын тизмеси Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021–2026" турак жай программасынын катышуучулары боюнча түзүлүүчү тизмеге кошула тургандыгы белгиленди.

Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Иш-чаралар планын белгиленген мөөнөттө жана толук көлөмдө аткаруу боюнча чараларды көрүү тапшырылды.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2021-жылдын 15-июлундагы N 78 "Улуттук квалификациялык кеңеш жөнүндө" ТОКТОМУ

Кесиптик билим берүү системасынын жана эмгек рыногунун макулдашылгандыгын камсыз кылуу максатында КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-июлундагы N 78 токтомуна ылайык Улуттук квалификациялык кеңеш түзүлдү. Токтом менен Улуттук квалификациялык кеңештин курамы жана жобосу бекитилди.

Улуттук квалификациялык кеңеш консультациялык-кеңешме орган болуп саналат. Кеңештин ишинин максаты мамлекеттик органдардын, иш берүүчүлөрдүн, мамлекеттик жана жеке менчик билим берүү мекемелеринин, өкмөттүк эмес уюмдардын жана жергиликтүү коомдоштуктардын улуттук квалификациялар системасын өнүктүрүүнү пландоо, киргизүү жана мониторинг жүргүзүү боюнча ишин координациялоо болуп саналат.

Кеңешке төрага - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары жетекчилик кылат. Ал Кеңештин ишин жетектейт, анын жыйналыштарында төрагалык кылат, Кеңештин иш планын жана регламентин бекитет.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


КҮЧҮНӨ КИРҮҮ

2021-жылдын 28-июлунан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-июлундагы N 61 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-октябрындагы N 618 "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматы жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын экстрендик оперативдик кызматтарынын жана мамлекеттик органдарынын тизмесин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун базасындагы 112-бирдиктүү мамлекеттик нөөмөттүк-диспетчердик оперативдүү кызматты чакырууну камсыздоо системасын түзүү концепциясын жактыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-июлундагы N 64 "Банкроттук жана лицензиялык-уруксат берүү системасы жаатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2021-жылдын 31-июлунан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-июлундагы N 74 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы N 519 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелеринин 36-пунктунун экинчи абзацынын колдонулушун убактылуу токтото туруу жөнүндө" токтому.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


СУРОО ЖАНА ЖООП

Мыйзамсыз ишкердик үчүн кандай жоопкерчилик каралган?

КР Жоруктар жөнүндө кодексине ылайык каттоосуз, же болбосо атайын уруксат (лицензия) алуу милдеттүү болгон учурларда атайын уруксатсыз (лицензиясыз) же лицензиялоонун шарттарын бузуу менен ишкердик же банктык ишти же болбосо банктык операцияларды жүргүзүү, - белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен 600дөн 800гө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул түрүндөгү жазага алып келет.



* * *
Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот.

Сиз "Токтом: Новости законодательства Кыргызстана" жөнөтмөгө бул шилтеме аркылуу жазылсаңыз болот же болбосо RSS каналдары аркылуу окшош чыгарылыштарын ала аласыз.
- RSS орус тилинде
- RSS кыргыз тилинде
* * *
Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот.
* * *
Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - "ТОКТОМ" Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган.

720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М.Горький көч., 15
тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60
www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg


В избранное