Отправляет email-рассылки с помощью сервиса Sendsay
  Все выпуски  

ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана от 21 июля 2021 года N 29 (663)



ЖУМАНЫН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

КР ПРЕЗИДЕНТИНИН 2021-жылдын 21-июнундагы ПЖ N 267 "Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө" ЖАРЛЫГЫ

КР Президентинин 2021-жылдын 21-июнундагы ПЖ N 267 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө жобо иштелип чыкты.

Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл КР Президенти тарабынан дайындалат. Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Кыргыз Республикасынын аймагындагы балдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары Кыргыз Республикасынын жарандарынын балдарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана өркүндөтүү боюнча ишин координациялоого, анын ичинде балдарды коргоону камсыз кылуу, баланы тарбиялоо, билим берүү жана ден соолугун камсыз кылуу системасын ар тараптуу өнүктүрүүгө түрткү берүүгө багытталган, өзүнүн компетенциясынын чегинде балдардын бузулган укуктарын жана эркиндиктерин калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүүгө ыйгарым укук берилген кызмат адамы болуп саналат.

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык уюмдардын, менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, алардын кызмат адамдарынын балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мамлекеттик коргоосунун, ишке ашыруусунун жана сактоосунун кепилдиктерин камсыз кылууда көмөк көрсөтөт.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ПРЕЗИДЕНТИНИН 2021-жылдын 8-июнундагы ПЖ N 293 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеш жөнүндө" ЖАРЛЫГЫ

Коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын өркүндөтүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосундагы натыйжалуу диалогду камсыз кылуу, ошондой эле бизнести өнүктүрүү, инвестициялык климатты жана ишкердик субъекттеринин ишин коргоо жана колдоо механизмдерин жакшыртуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында Кыргыз Президентинин 2021-жылдын 8-июнундагы ПЖ N 293 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеш түзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеш коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттары боюнча, бизнес-чөйрөнү, инвестициялык климаты жакшыртуу, инвесторлордун жана ишкердик субъекттеринин укуктарын коргоо, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн тездетүү боюнча сунуштарды жана рекомендацияларды иштеп чыгууну камсыз кылуучу, туруктуу иштөөчү консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.

Жарлыкка ылайык Антикоррупциялык ишкердик кеңештин ишмердүүлүгү жол-жоболоштурулду.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ПРЕЗИДЕНТИНИН 2021-жылдын 10-июнундагы ПЖ N 294 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2021-жылдын сентябрь-ноябрында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө" ЖАРЛЫГЫ

Жарлыкка ылайык мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчылары жана альтернативдик кызматтын кызматчылары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан запаска бошотулду.

Ошондой эле Жарлык менен 2021-жылдын сентябрь-ноябрь айларында чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктары болбогон, чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, ошондой эле чакыруудан кийинкиге калтырылуу укугунан ажыраган эркек жарандар Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына мөөнөттүү аскердик кызматка жана альтернативдик кызматка чакырылат.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2021-жылдын 8-июлундагы N 61 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-октябрындагы № 618 "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматы жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын экстрендик оперативдик кызматтарынын жана мамлекеттик органдарынын тизмесин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун базасындагы 112-бирдиктүү мамлекеттик нөөмөттүк-диспетчердик оперативдүү кызматты чакырууну камсыздоо системасын түзүү концепциясын жактыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" ТОКТОМУ

Калкка мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында КР Юстиция министрлигинин алдында 114 - Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун шыр байланышы түзүлдү.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2021-жылдын 8-июлундагы N 64 "Банкроттук жана лицензиялык-уруксат берүү системасы жаатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ТОКТОМУ

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-июлундагы N 64 токтомуна ылайык Банкроттук процесстин жол-жобосун жүзөгө ашырган администраторлордун ишин лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобо бекитилди. Убактылуу жобо банкроттук процесстин жол-жобосун ишке ашырган администраторлордун ишине лицензияларды берүү, кайра тариздөө, токтото туруу, кайра жаңыртуу жана колдонулушуп токтотуу тартибин регламенттейт.

Банкроттук процесстин жол-жобосун ишке ашырган администратордун ишин жүзөгө ашырууга ниеттенген жеке жактар "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Убактылуу жободо белгиленген тартипте лицензия алууга милдеттүү.

Убактылуу жобо 2023-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.

Убактылуу жобонун кабыл алынышы менен банкроттук жана лицензиялоо жаатындагы КР Өкмөтүнүн айрым ченемдик актыларына өзгөртүүлөр киргизилди.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2021-жылдын 5-июлундагы N 78-т ("Кыргыз Республикасынын Мектеп лигасы" долбоорун ишке ашыруу тууралуу) ТЕСКЕМЕСИ

Балдар-өспүрүмдөр спортун андан ары өнүктүрүү, спорттун командалык түрлөрүн жайылтуу, дене тарбия жана сергек жашоону пропагандалоо максатында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине балдар-өспүрүмдөр спортунун командалык түрлөрүн (футбол, волейбол, баскетбол) өнүктүрүү үчүн "Кыргыз Республикасынын Мектеп лигасы" долбоорун ишке ашыруу тапшырылды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


СУРОО ЖАНА ЖООП

Өргүүгө чыгуу мезгили келди. Мен дагы бир жумушта айкалыштырып (совместитель) иштейм. Айкалыштырып иштеген ишим менен негизги иштеген жеримден бир эле убакта өргүүгө чыга аламбы?

КР Эмгек кодексинин 134-беренесине ылайык айкалыштырып иштеген кызматкерлерге ар жылдык эмгектик өргүүнү кызматкерге ыңгайлуу кандай убакта болбосун пайдалануу укугу берилген. Ошондуктан Сиз негизги жана айкалыштырып иштеген иште бир эле убакта өргүүгө чыга аласыз.

Айкалыштырып иштөөдө кызматкердин 11 айлык мөөнөттү иштеген-иштебегендигине карабастан негизги иштеген жериндеги өргүү менен чогуу берилет. Ошондой эле өргүү акысы иштеген убакытка барабар жүргүзүлөт.

Эгерде кызматкердин айкалыштырып иштеген жумушунда ар жылы төлөнүүчү эмгек өргүүсүнүн узактыгы, негизги жумуш орду боюнча эмгек өргүүсүнүн узактыгына караганда аз болсо, анда иш берүүчү кызматкердин өтүнүчү боюнча эмгек акысын сактабастан тийиштүү узактыктагы эмгек өргүүсүн берет.



* * *
Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот.

Сиз "Токтом: Новости законодательства Кыргызстана" жөнөтмөгө бул шилтеме аркылуу жазылсаңыз болот же болбосо RSS каналдары аркылуу окшош чыгарылыштарын ала аласыз.
- RSS орус тилинде
- RSS кыргыз тилинде
* * *
Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот.
* * *
Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - "ТОКТОМ" Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган.

720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М.Горький көч., 15
тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60
www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg


В избранное