Отправляет email-рассылки с помощью сервиса Sendsay
  Все выпуски  

ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана


ТОКТОМ: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫНЫН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

ИЦ Токтом

ИЦ Токтом

ЖУМАНЫН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН 2013-жылдын 26-сентябрындагы № 527 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 231 "Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алуу жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу» ТОКТОМУ

2009-жылдын 14-апрелиндеги № 231 "Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алуу жөнүндө" токтому менен бекитилген продукциясы бир булактан алуу ыкмасы менен сатып алынууга тийиш болгон Кыргыз Республикасынын ишканаларынын тизмеси "Гарант премиум" ЖЧКсы менен толукталды. "Гарант премиум" ЖЧКсы мазут жана дизелдик отун продукцияларын чыгарат.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2013-жылдын 1-октябрында № 80 жарыяланды.
Токтом Online аркылуу (чектүү кирүү) документтин толук текстин көрүү жана көчүрүү.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН 2013-жылдын 30-сентябрындагы № 531 «Мамлекеттик сырларды сактоо маселелери боюнча координациялык кеңешти түзүү жөнүндө» ТОКТОМУ

Республикада мамлекеттик сырларды сактоо боюнча иштерди контролдоо жана уюштуруу максатында атайын координациялык кеңеш түзүлдү. Координациялык кеңештин ишин уюштуруучулук-техникалык жактан камсыз кылууну Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети жүргүзөт.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Токтом Online аркылуу (чектүү кирүү) документтин толук текстин көрүү жана көчүрүү.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН 2013-жылдын 30-сентябрындагы № 535 «Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2013-жылдын октябрь-декабрында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө» ТОКТОМУ

Токтом менен жарандарды мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруу ишин уюштуруу башталды. Аталган иштерди Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге алып барат.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2013-жылдын 4-октябрында № 81 жарыяланды.
Токтом Online аркылуу (чектүү кирүү) документтин толук текстин көрүү жана көчүрүү.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН 2013-жылдын 25-сентябрындагы ПБ № 127 (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусу менен республикалык кеңешмени өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушун кабыл алуу тууралуу) БУЙРУГУ

Буйрук менен Борбордук жана жергиликтүү бийлик органдарынын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу боюнча макулдашылган сунуштарды иштеп чыгуу максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусу менен республикалык кеңешмени өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушу кабыл алынды.

Аталган иш чараларды аткаруу максатында мамлекеттик кызматчылардан турган жумушчу топ түзүлдү.
Токтом Online аркылуу (чектүү кирүү) документтин толук текстин көрүү жана көчүрүү.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 457 (2013-жылдын IV кварталында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин жарандарды жеке кабыл алуу графигин бекитүү тууралуу) БУЙРУГУ

Буйрук менен 2013-жылдын IV кварталында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин, вице-премьер-министрлеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппарат жетекчиси – министрдин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин орун басарларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын бөлүм башчыларынын жарандарды жеке кабыл алуу графиги бекитилди. Графиктин толук тексти менен "Токтом" МУС локалдык системасында же болбосо (http://online.toktom.kg) online-версиясында тааныша аласыздар.
Токтом Online аркылуу (чектүү кирүү) документтин толук текстин көрүү жана көчүрүү.

КҮЧҮНӨ КИРҮҮ

2013-жылдын 9-октябрында төмөнкү документ күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-апрелиндеги № 173 "Жасалма шарттарда (in vitro) лабораториялык дарт табуу үчүн медициналык жана ветеринардык багыттагы буюмдардын коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтому.
Токтом Online аркылуу (чектүү кирүү) документтин толук текстин көрүү жана көчүрүү.

2013-жылдын 12-октябрында төмөнкү документ күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 184 "Ун-акшак өнөр жайы азыктарынын коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтому
Токтом Online аркылуу (чектүү кирүү) документтин толук текстин көрүү жана көчүрүү.

СУРООЛОР ЖАНА ЖООПТОР

Жеке уюмдун жетекчиси кызматкерлерди иш сапарга жөнөтүп жатат. Кызматкерлердин тамактануу чыгымдарын чакырып жаткан жак төлөй тургандыгы маалым болду. Мындай учурда кызматкерлерге суткалык чыгымдарды кыскартып койсо болобу?

КР Эмгек кодексинин 190-беренесине ылайык Иш берүүчү кызматтык иш сапарга жиберген учурда кызматкерге жол киресин, турак жайды жалдаганы үчүн чыгымдарды, туруктуу жашаган жеринен сырткары жашагандыгына байланышкан кошумча чыгымдарды (суткалык чыгымдарды), кызматкер иш берүүчүнүн уруксаты менен жүргүзүлгөн же ага белгилүү болгон башка чыгымдарды төлөп берүүгө милдеттүү.

Кызматтык иш сапарга байланышкан чыгымдарды төлөөнүн тартиби жана өлчөмү жамааттык келишим же уюмдун локалдык ченемдик актысы менен аныкталат. Мында ордун толтуруунун өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдар үчүн белгилеген өлчөмдөрдөн аз болушу мүмкүн эмес.

Суткалык чыгымдарга тамактануу акылар гана кирет деп бир да ченемдик актыларда берилген эмес. Суткалык чыгымдарга иш сапарга байланыштуу башка да чыгымдар кириши мүмкүн. Ошондуктан жеке уюмдун жетекчиси иш сапарга кетип бара жаткан кызматкерлерге жамааттык келишим же уюмдун локалдык ченемдик актыларында каралган суткалык чыгымдардын суммасын төлөө менен тамактанууга кеткен чыгымдарды кыскартышы мүмкүн. Кызматкерлерди иш сапарга жөнөтүү иш берүүчүнүн демилгеси менен болот, ага ылайык иш сапардагы суткалык чыгымдарды төлөө кызматкерлердин кызыкчылыгында эмес, иш берүүчүнүн кызыкчылыганда болуусу керек.

* * *
Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот.

Сиз “Токтом: Новости законодательства Кыргызстана" жөнөтмөгө бул шилтеме аркылуу жазылсаңыз болот же болбосо RSS каналдары аркылуу окшош чыгарылыштарын ала аласыз.
- RSS орус тилинде
- RSS кыргыз тилинде
* * *
Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот.
* * *
Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - “ТОКТОМ” Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган.

720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М. Горький көч., 15
тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60
www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg


В избранное