Отправляет email-рассылки с помощью сервиса Sendsay
  Все выпуски  

ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана



ЖУМАНЫН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

КР 2021-жылдын 27-октябрындагы N 124 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Электр жана почта байланышы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" МЫЙЗАМЫ

КР 2021-жылдын 27-октябрындагы N 124 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык мобилдик түзүлмөлөрдү, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлмөлөрдү идентификациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр жүргүзүлөт.

Ошондой эле мындай кызмат көрсөтүүлөр лицензияланууга жатат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР 2021-жылдын 27-октябрындагы N 125 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" МЫЙЗАМЫ

КР 2021-жылдын 27-октябрындагы N 125 Мыйзамы мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүнүн, бош кызмат ордуна дайындоонун, ротациялоонун, кызматтык иликтөө жүргүзүүнүн, мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат менен байланышкан чектөөлөрдүн тартибин, кызматчылардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчиликтерин, социалдык коргоонун кепилдиктерин; кызматты токтотуунун тартибин аныктайт.

Мыйзам мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарын ээлеген кызматчыларга колдонулат.

Белгилей кетүүчү нерсе Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ошондой эле мамлекеттик органдардын статс-катчыларынын кызматы жоюлду.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ПРЕЗИДЕНТИНИН 2021-жылдын 1-ноябрындагы ПЖ N 512 "2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" ЖАРЛЫГЫ

КР Президентинин 2021-жылдын 1-ноябрындагы ПЖ N 512 Жарлыгына ылайык 2021-жылдын 28-ноябрындагы боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу, жарандарга таасир этүүнүн болгон формасын, шайлоолорго катышууга же катышпоого мажбурлоону жокко чыгаруу иштерин жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, укук коргоо органдарынын жетекчилерине, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына тапшырмалар берилди.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет жана жарыяланууга тийиш.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2021-жылдын 26-октябрындагы N 231 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 21-декабрындагы N 800 "Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" ТОКТОМУ

Коронавирустук инфекциянын (СОУШ-19) пандемиясына байланыштуу калктын ден соолугун сактоону камсыз кылуу, эпидемияга каршы жана профилактикалык иш-чараларды уюштуруу максатында, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 231 токтому менен КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 21-декабрындагы № 800 "Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо жөнүндө" КР Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизилди.

Тактап айтканда, КР аймагында аткарууда жугуштуу ооруларга чалдыгуу коркунучу бар жана алдын алуу эмдөөлөрдү сөзсүз өткөрүүнү талап кылган иштердин тизмесине өзгөртүү киргизилди. Ал иштердин тизмесине маданият, эс алуу жана спорт чөйрөсүндөгү уюмдарда иштөө (музейлер, көргөзмө залдары, китепканалар, спорт сарайлары, театрлар, кинотеатрлар, концерттик залдар, маданий жана оюн-зоок мекемелери, балдар аянтчалары, балдар лагерлери, дене тарбия жана ден соолукту чыңдоочу комплекстер, фитнес клубдар) да кирди.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2021-жылдын 28-октябрындагы N 233 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө" ТОКТОМУ

Токтом менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти бекитилди. Регламент Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча ишин уюштуруунун эрежелерин белгилейт.

Министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, административдик ведомстволорго, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Регламентти жетекчиликке жана кынтыксыз аткарууга алуу, борбордук аппараттарда жана түзүмдүк бөлүмдөрдө Регламенттин жоболорун изилдеп үйрөнүү боюнча ишти уюштуруу, эки жумалык мөөнөттө өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирүү тапшырылды.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 2-ноябрындагы N 113-114 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ПРЕЗИДЕНТИНИН АДМИНИСТРАЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИНИН 2021-жылдын 26-октябрындагы N 570 (Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын регламентин бекитүү тууралуу) ТЕСКЕМЕСИ

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында ишти уюштурууну өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын регламенти бекитилди. Регламент Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына келип түшкөн документтерди тариздөөгө жана Президенттин Администрациясында башкаруучулук ишти документтик камсыздоого карата негизги талаптарды, ошондой эле аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот бийлигинин органдары менен өз ара аракеттенүү тартибин карайт.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


КҮЧҮНӨ КИРҮҮ

2021-жылдын 11-ноябрынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

КР 2021-жылдын 5-майындагы N 60 "Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2021-жылдын 13-ноябрынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-октябрындагы N 229 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы N 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


СУРОО ЖАНА ЖООП

Жаш үй-бүлө батир сатып алышкан. Батирге катталгандардын арасында – батирдин мурунку ээси да жүрөт. Бул суроо боюнча кайда кайрылышыбыз керек, жана аны каттоодон чыгарыш үчүн эмне кылышыбыз керек?

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы N 886 "Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жана барган жеринде каттоонун жана каттоодогу эсептен чыгаруунун эрежеси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Жобого ылайык турак жайга болгон менчик укугунун башка адамга өтүшү, эгер макулдашууда башкача каралбаса, мурдагы менчик ээси менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана башка адамдардын турак жайды пайдалануу укугун токтотуу үчүн негиз болуп саналат.

Сиз Мамлекеттик каттоо кызматынын аймактык органдарына турак жайга менчик укугун ырастаган документтерди көрсөтүп, арыздын негизинде батирдин мурунку ээсин жана аны менен кошо жашаган башка адамдарды каттоодон чыгара аласыз.



* * *
Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот.

Сиз "Токтом: Новости законодательства Кыргызстана" жөнөтмөгө бул шилтеме аркылуу жазылсаңыз болот же болбосо RSS каналдары аркылуу окшош чыгарылыштарын ала аласыз.
- RSS орус тилинде
- RSS кыргыз тилинде
* * *
Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот.
* * *
Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - "ТОКТОМ" Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган.

720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М.Горький көч., 15
тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60
www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg


В избранное