Отправляет email-рассылки с помощью сервиса Sendsay
  Все выпуски  

ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана от 28 мая 2018 года N 21 (543)


ТОКТОМ: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫНЫН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

ИЦ Токтом


ЖУМАНЫН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

КР 2018-жылдын 18-майындагы N 48 "2017-жылдын 13-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Айылды суу менен жабдууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү" долбоору үчүн кошумча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" МЫЙЗАМЫ

КР Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Айылды суу менен жабдууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү" долбоору үчүн кошумча каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификацияланды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 22-майындагы N 43 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР 2018-жылдын 19-майындагы N 49 "Жер казынасы жөнүндө" МЫЙЗАМЫ

Аталган Мыйзам жер казынасын пайдаланууда мамлекеттин жеке жана юридикалык жактар менен келип чыккан мамилелерин жөнгө сапат.

Мыйзам мамлекеттик укуктук жөнгө салуунун тартибин, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясын, жеке жана юридикалык жактардын укуктарын жана милдеттерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти аныктайт.

Ошондой эле, 2012-жылдын 9-августундагы № 160 "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жогорудагы Мыйзам колдонууга киргизилген күндөн тартып күчүн жоготот.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ПРЕЗИДЕНТИНИН 2018-жылдын 22-майындагы ПЖ N 124 "Жүргүзүлүп жаткан соттук реформанын алкагында кабыл алынуучу айрым чаралар жөнүндө" ЖАРЛЫГЫ

Жарлыкка ылайык, жүргүзүлүп жаткан соттук реформанын алкагында күчүнө кирген жана күчүнө кирүүчү Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарын иш жүзүндө колдонууга жана натыйжалуу ишке ашырууга даярдык көрүү боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алуу максатында,

Жарлык менен КР Өкмөтүнө сунушталды:

1) КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-апрелиндеги № 120-б буйругу менен бекитилген КР Жазык кодексин, КР Жоруктар жөнүндө кодексин, КР Жазык-процесстик кодексин, КР Жазык-аткаруу кодексин, КР Бузуулар жөнүндө кодексин, "Пробация жөнүндө", "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын натыйжалуу аткарууну камсыз кылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Соттук реформа боюнча кеңештин мүчөлөрүнүн сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен аталган Планга зарыл болгон түзөтүүлөрдү киргизүүнү тездетүү;

2) тийиштүү министрликтерди, ошондой эле аткаруу бийлигинин башка органдарын тартуу менен:

- жаңы кодекстердин жана коштоочу мыйзамдардын жоболорун киргизүү жана колдонуу боюнча иш-чараларды биринчи кезектеги иш-чаралар катары каржыласын; ж.б.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 25-майында N 44 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2018-жылдын 16-майындагы N 236 "Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн Кыргыз Республикасына жеткирүү менен байланышкан чыгымдарды компенсациялоо боюнча чаралар жөнүндө" ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн Кыргыз Республикасына жеткирүүнү уюштуруу максатында, КР чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн репатриациялоо боюнча чыгымдарга бир жолку төлөм берүүнүн тартиби жөнүндө нускама бекитилди.

Нускама Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн репатриациялоо боюнча чыгым тарткан адамдарга же жакын туугандарына бир жолку төлөм берүүнүн тартибин аныктайт.

Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн Кыргыз Республикасына жеткирүү менен байланышкан чыгымдарды каржылоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Маалыматтык-консультациялык борборунун тийиштүү жылга каралган каражаттарынын чегинде жүргүзүлөт.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН ЧҮЙ ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН 2018-жылдын 14-майындагы N 117-б "Чүй облусунда балдарга жайкы эс алуусун уюштуруу жөнүндө" БУЙРУГУ

Чүй облусунда балдарга жайкы эс алууну уюштуруу, алардын бош убакытын туура пайдаланууга шарт түзүү жана ден соолугун чыңдоо максатында, балдарга жайкы эс алууну уюштуруу үчүн жана ден соолугун чыңдоо үчүн каржылоо маселеси өз убагында чечүү, балдарга жана жаш өспүрүмдөргө эс алуучу борборлорду даярдап, шарт түзүү иш-чаралары камсыздоо, эс алуу жайлардын (парктардын, скверлердин, жайкы оюн аянтчалардын, бассейндердин ж.б.) көрктөндүрүү иштери камсыздоо, балдарга жайкы эс алууну уюштурууда жетим балдарга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына өзгөчө көңүл буруу тапшырылды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КҮЧҮНӨ КИРҮҮ

2018-жылдын 29-майынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-майындагы N 46 "2016-жылдын 26-октябрында Исламабад шаарында кол коюлган Борбордук Азия региондук экономикалык кызматташтыктын катышуучу мамлекеттеринин ортосундагы Борбордук Азия региондук экономикалык кызматташтык институтун уюштуруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2018-жылдын 1-июнунан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 3-майындагы N 45 "Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 18-майындагы N 48 "2017-жылдын 13-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Айылды суу менен жабдууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү" долбоору үчүн кошумча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 17-майындагы ПЖ N 123 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Жарлыгы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-мартындагы N 173 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-августундагы N 440 "Кыргыз Республикасынын белгилүү бир мергенчилик жерлеринде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун юридикалык жактарга берүү конкурсун өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-апрелиндеги N 215 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы N 775 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-майындагы N 220 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы N 115 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

СУРОО ЖАНА ЖООП

Заем алуучу катары алган акчаны келишимде көрсөтүлгөндөн аз алгандыгын далилдөө кандай жүргүзүлөт?

КР Жарандык кодексине ылайык, заем алуучу акчаны же буюмду заем берүүчүдөн чындыгында албагандыгын же келишимде көрсөтүлгөндөн аз алгандыгын далилдөө менен өзүнүн акчасыздыгы боюнча заем келишимин талашууга укуктуу.

Эгерде акчасыздык боюнча заем алуучунун заем келишимин талашуусунда анын заем берүүчүдөн акчаны же башка буюмду чындыгында албагандыгы аныкталган учурда заем келишими түзүлгөн жок деп эсептелет.

Акча же башка буюм заем алуучу тарабынан заем берүүчүдөн келишимде көрсөтүлгөндөн аз санда алынган учурда келишим ошол сандагы акчага жана буюмга түзүлгөн деп эсептелет.


Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот.

Сиз "Токтом: Новости законодательства Кыргызстана" жөнөтмөгө бул шилтеме аркылуу жазылсаңыз болот же болбосо RSS каналдары аркылуу окшош чыгарылыштарын ала аласыз.
- RSS орус тилинде
- RSS кыргыз тилинде
* * *
Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот.
* * *
Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - "ТОКТОМ" Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган.

720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М.Горький көч., 15
тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60
www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg


В избранное