Отправляет email-рассылки с помощью сервиса Sendsay
  Все выпуски  

ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана от 4 ноября 2013 года N 40


ТОКТОМ: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫНЫН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

ИЦ Токтом

ЖУМАНЫН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН 2013-жылдын 21-октябрындагы № 571 "Ата-энесинин камкордугусуз калган жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн, Кыргыз Республикасынын жараны болгон балдарды Кыргыз Республикасына кайта алып келүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" ТОКТОМУ

Ата-энесинин камкордугусуз калган, өлкөбүздүн чегинен тышкары жүргөн КР жараны болгон балдарды кайта алып келүү жөнүндө жобо токтом менен бекитилди.

Жобо менен ата-энесинин камкордугусуз калган жана өлкөнүн чегинен тышкары жүргөн, Кыргыз Республикасынын жараны болгон балдарды кайта алып келүүнүн жол-жобосун аныктайт.

Расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2013-жылдын 22-октябрында № 85 жарыяланды.
Токтом Online аркылуу (чектүү кирүү) документтин толук текстин көрүү жана көчүрүү.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН 2013-жылдын 22-октябрындагы № 577 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу соттук экспертизалардын мамлекеттик борбору жөнүндө" ТОКТОМУ

КР Юстиция министрлигине караштуу соттук экспертизалардын мамлекеттик борбору жөнүндө жобо бекитилди.

Жобого ылайык, мамлекеттик борбор сот жана укук коргоо органдарынын тапшырмасы боюнча атайын билимдин негизинде соттук экспертизаларды жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзөт.

Расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2013-жылдын 25-октябрында № 86 жарыяланды.
Токтом Online аркылуу (чектүү кирүү) документтин толук текстин көрүү жана көчүрүү.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН 2013-жылдын 23-октябрындагы № 578 "174-230 МГц жана 470-790 МГц жыштыктарындагы тилкелерде жер үстүндөгү санариптик эфирдик берүүлөр үчүн радиожыштык ресурстарын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" ТОКТОМУ

Токтом менен 174-230 МГц жана 470-790 МГц жыштыктарындагы тилкелерде жер үстүндөгү санариптик эфирдик берүүлөр үчүн радиожыштык ресурстарын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо жана курамы бекитилди.

Жобо 174-230 МГц жана 470-790 МГц жыштыктарындагы тилкелерде жер үстүндөгү санариптик эфирдик берүүлөр үчүн радиожыштык ресурстарын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн тартибин жана ага катышуунун шарттарын аныктайт.

Расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2013-жылдын 25-октябрында № 86 жарыяланды.
Токтом Online аркылуу (чектүү кирүү) документтин толук текстин көрүү жана көчүрүү.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН 2013-жылдын 1-ноябрындагы № 588 "Жумуш күнүн которуу жөнүндө" ТОКТОМУ

Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүнүн сарамжалдуу пайдаланууну максатында, Эмгек кодексине ылайык, эки дем алыш күнү бар беш күндүк иш жумасы графиги боюнча иштеген уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2013-жылдын 8-ноябрындагы жумуш күнү тиешелүү түрдө 2013-жылдын 16-ноябрындагы дем алыш күнүнө которулду.

Расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Токтом Online аркылуу (чектүү кирүү) документтин толук текстин көрүү жана көчүрүү.

КҮЧҮНӨ КИРҮҮ

2013-жылдын 6-ноябрында төмөнкү документ күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы № 564 "Кыргыз Республикасындагы чакан жана орто ишкердиктин субъекттери үчүн финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары жөнүндө" токтому;
Токтом Online аркылуу (чектүү кирүү) документтин толук текстин көрүү жана көчүрүү.

2013-жылдын 10-ноябрында төмөнкү документ күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/13 "Операцияларды Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому.
Токтом Online аркылуу (чектүү кирүү) документтин толук текстин көрүү жана көчүрүү.

СУРООЛОР ЖАНА ЖООПТОР

Алимент алуу үчүн кайрылуу мөөнөттөрү жана тартибин түшүндүрүп берсеңиз?

Үй бүлөө кодексине ылайык, эгерде алимент төлөө тууралу макулдашуу боюнча мурда алимент төлөнбөсө, алимент алууга укугу бар адам алимент алуу укугу пайда болгон учурдан тартып мөөнөтү өтүп кеткенине карабастан, алимент өндүртүп алуу жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу. Сотко кайрылган учурдан тартып берилиши шартталган.

Эгерде сотко кайрылганга чейин багууга каражат табуу чаралары көрүлгөнүнө карабастан, алимент төлөөгө милдеттүү болгон адам аны төлөп берүүдөн баш тартканынан улам алимент алынбай калгандыгы сот тарабынан аныкталса, сотко кайрылган учурдан тартып үч жылдык мөөнөттүн аралыгындагы өтүп кеткен мурдагы алимент төлөтүп алынышы мүмкүн.

Үч жылдын аралыгындагы мөөнөттө топтолгон алименттин суммасы бир жылга теңме-тең бөлүштүрүлгөн үлүштө төлөнүп берилет.

* * *
Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот.

Сиз “Токтом: Новости законодательства Кыргызстана" жөнөтмөгө бул шилтеме аркылуу жазылсаңыз болот же болбосо RSS каналдары аркылуу окшош чыгарылыштарын ала аласыз.
- RSS орус тилинде
- RSS кыргыз тилинде
* * *
Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот.
* * *
Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - “ТОКТОМ” Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган.

720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М. Горький көч., 15
тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60
www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg


В избранное